Ошто кошумча 150 орундуу шаардык клиникалык оорукана курулууда

Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен 150 койкалуу жаңы шаардык клиникалык оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаарга жаңы 190 койкалуу балдар ооруканасын куруу пландары Ош шаардык мэриясы жана КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамында ишке аша баштады. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюминин колдоосу менен шаардык клиникалык оорукананын аймагында дарыкана, тыштагы ажаткананын курулушу 80 пайызга бүтүрүлгөн. Ал эми намазкана курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди. Бул курулуштарга 5 миллион сом каражат сарпталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан