17-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 295 миллион метр кубду түзүүдө

"Электр станциялары" ААКнын берген маалыматына ылайык, 17-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 295 миллион метр кубду түзүүдө. Өткөн жылы бул көрсөткүч 14 миллиард 392 миллион метр куб болгон.

Суу сактагычка агып кирген суунун агымы быйыл секундуна 563 метр куб болсо, 2013-жылы 17-июлда көрсөткүч 646 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычтан агып чыккан суунун агымы секундуна 257 метр кубга барабар болууда. Өткөн жылы 224 метр куб болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан