Сентябрь айында Ысык-Көлдө өтө турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюнуна 12 өлкө катышуу тилегин билдирди. Бул тууралуу
КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Чакиев 17-июлдагы маалымат жыйынында кабарлады.
"Оюндардын расмий ачылышы 9-сентябрда болот. Оюндар 13-сентябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтөт. Ал эми фестивалдын жабылуу аземи 14-сентябрга пландалууда. Оюндан тышкары Кырчын жайлоосунда спорт түрлөрүнүн көргөзмөсү, улуттук ашкананы салыштырган Дасторкон фестивалы орун алат. Өкмөт тарабынан бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Азыркы тапта Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюну фестивалын кабыл алууга даяр",- деди ал.