"Манас" аэропортунда жардыргыч зат катылган" деп телефон аркылуу кабар билдирген аял кармалды
УКМК "Манас" аэропортунда жардыргыч зат катылгандыгы тууралуу телефон аркылуу кабар билдирген аялды колго түшүрдү. Бул аял Ысык-Көл облусунун Түп районунунда врач-гинеколог болуп иштеген 50 жаштагы Б.Алиева болуп чыкты. Окуя боюнча: 18-январда белгисиз аял "Манас" аэропортунун сурап-билүү шаардык телефонуна чалып, аэропорттун имаратында жардыргыч зат катылгандыгы тууралуу кабарлаган. Бул билдирүүдөн соң УКМКнын кызматкерлери аэропорттун имаратына тинтүү жүргүзүп, бирок эч нерсе таба алган эмес.Учурда окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, кармалган аял УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды.Тергөө иштери жүрүп жатканын билдирет УКМКнын маалымат кызматы.