К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл музыкалык драма театрында “Ысык-Көл - манасчылардын алтын бешиги” аталышында өткөн төкмө акындардын сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу 12-августта облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.
Айтышка 17 төкмө акын өнөрлөрүн сынашып, сынактын байге фонду 500 миң сом түздү. Эки күнгө созулган айтышта Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев экөө бирдей 88 упай топтошту. Акындардын салты боюнча кичүүсү улуусуна жол бошотуп берип, калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы менен баш байгени Жеңишбек Жумакадыр (150 миң сом) жеңип кетти. 1-орунду Элмирбек Иманалиев (100 миң сом), 2-орунду Туратбек Жумаев (70 миң сом) ээлесе, 3-орунду багынткан Азамат Болгонбаев 50 миң сом менен сыйланды. Жарым финалга чыккандар 10 миң сомдон алышса, калган катышуучулар 4500 сомдон алышкан.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл жергесинде Чоюке Өмүр уулунун 150, Саякбай Каралаевдин 120, Шаабай Азизовдун 90, Кааба Атабековдун 90, Уркаш Мамбеталиевдин 80 жылдыгына арналган акындардын айтышы өттү.