“Кумтөр" кени экологияга 7 миллиард сомдук зыян келтирди” деп билдирди Экология жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев. Ал мындай маалымат аталган ишкананын ишин иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгында белгилүү болгонун билдирди. “Канадалык компаниянын эң чоң зыяны мөңгүлөргө келтирилген. Учурда “Кумтөр” менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз да, алар да ишти сотто чечүүгө даярбыз, алар бул дооматты моюнга алышты”,- дейт Артыкбаев.