“Көчмөндөр оюндары кийинки жолу да Кыргызстанда өтөт” дейт Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору (блиц-маек)

“Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кийинки жолу да Кыргызстанда өтөт”,- деди Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун директору Алмаз Касенов SUPER.KG порталына маек куруп жатып. Анын айтымында, кийинки жолу оюндардын программасына дагы башка оюндар киргизилет.

- Расмий жабылуу аземинде мелдеш кийинки жолу кайсы мамлекетте өтөрү айтылбай сыр бойдон калды. Көчмөндөр оюндары кийинки жылы кайсы мамлекетте өтөт?

- Ооба, расмий жабылуу аземинде катышып берген командаларга ыраазычылык билдирилип, кийинки мелдеш кайда өтөрү айтылышы керек болчу. Аземди уюштуруу ишин толук бойдон КРнын Маалымат, маданият жана туризм министрлиги колго алган. Биз ага жооп бербейбиз. Мелдеш кийинки жылы да Кыргызстанда өтөт. Президентибиз Алмазбек Атамбаев да бул тууралуу айтпадыбы. Бюджеттен акча каралса, оюндардын программасына жаңы спорт түрлөрүн киргизебиз.  

- Жаңы спорт түрлөрү демекчи, бул жолу оюндардын программасында жалаң кыргызга белгилүү болгон элдик оюндар болду. Башка элге таандык спорт түрлөрүнөн казак күрөшүн гана көрө алдык...

- Казактар быйыл май айында жыйындардын биринде казак күрөшүн оюндарга киргизүү сунушун айтышкан. Биз баш тарта алган жокпуз. Негизи, Түркиянын, Азербайжандын жана башка мамлекеттердин элдик оюндарын киргизүү планы бар болчу. Кийинки уюшулганында, балким, оюндардын программасы 4-5 оюн менен толукталат. Ошондо жалпы 15-16 спорт түрүнөн медалдар ойнотулат. Бул жолу 9 спорт түрүнөн гана медалдар болду.

- Көк бөрүдө жана башка оюндарда кыргызстандык спортчулар башкалардан айырмаланып турушту. Бул оюндардын бизде эле терең жайылганы менен байланыштуу болсо керек?

- Балким. Ошол эле көк бөрү Ооганстанда да, Монголияда да, Алтайда да ойнолуп келет. Болгону Кыргызстандагыдай деңгээлде элге жайылган эмес. Алардын өз жеринде көк бөрүдөн да кенен жайылган оюндары бар. Калыстык, адилеттик болуусу үчүн оюндардын программасы ошол элдердин оюндары менен толукталуусу керек. Бул спорт түрүнүн эрежесин 7-8 жылда барып араң түшүнгөн мамлекеттер бар. Мунун себеби оюндун татаалдыгында. Балким, улактын салмагын дагы жеңилдеткенибизде көп улак салынмак да, эл кызыга баштамак.

- Көчмөндөр оюндарынын алдында атайын адистер мелдешке катышчу мамлекеттерге барып, анда ойнолуучу спорттун эрежелерин үйрөтө турганы айтылды эле...

- Тилекке каршы, андай болгон жок. Бул үчүн мамлекеттен каражат каралган эмес. Көчмөндөр оюндарына катыша турган мамлекеттер бизден оюндардын программасын алып, өз алдынча изилдешти.

- Аламан байгеге чабылган Ероша, Саратан аттуу аттардын өлгөнүнө чет элдиктер аябай таң калышты. Мелдеш атты өлүмгө жеткирген деңгээлде татаал болдубу?

- Президенттин кубогунда жана өлкө чемпиондуктарында деле аттар ушундай эле аралыкка чабылат. Болгону бул жолу ат чапкандар ката кетирип, аттарга катуу басым кылып коюшту окшойт. Негизи, бул оюнга келип эле өлүп калды деген болбойт. Аттын экинчи демин туура ачыш керек. Экинчи деми ачылганча күлүк катуу ылдамдыгын уланта берсе, жүрөгү кысылып калат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ayakosya
2014-09-16 12:31:35
Ашыкча чыгаша дефициттуу бюджет учун
+2
zman53
2014-09-16 13:21:54
Чонтогунорду карап туруп ышкырсанар болбойбу?Бул оюндан кичине болсо да киреше туштубу?Муну эсептеген эч ким жок.Жок дегенде озун актаган бир нерсе уюштуруш керек го дейм.
+1
zarbalik
2014-09-16 14:24:30
Кийинкиси дагы бизде отушу мумкун. Бирок келечеги жок.
-1
Мэри
2014-09-17 18:43:23
Көчмөндөрдүн эң башында кыргыз эли турат, анткени Орто Азиядагы эң байыркы калк, ошондон улам көк бөрүдөн болобу, башка оюндан болобу (улуттук), кыргыздардын жеңишке жетишин кадимки нерсе катары кабыл алуу керек деп ойлойм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан