
* Мындан 36 жыл мурун, 1978-жылы Кыргыз Эл жазуучусу, Республикалык кинематографисттер союзунун төрагасы
Чыңгыз Айтматов Ленин ордени жана Орок жана Балка алтын медалы менен сыйланган. Советтик жазуучулардын арасынан Чыңгыз Айтматов Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы менен сыйланган биринчи жазуучу болгон.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Жогорку Кеңеште 2012-жылдын 1-январынан тарта "Кыргызстандын аймагында кумар оюн-зоок иштерине тыюу салуу жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Ага 1-ноябрда экс-президент Роза Отунбаева кол койгон. Ал эми 2012-жылдын 16-июлунда бул мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Ага чейин мыйзам бузгандарга айып пул гана чектелип келсе, эми кылмыш жоопкерчилигине тартууга мүмкүн болгон. Көмүскөдөгү казинолорду жана оюн-автомат залдарын кармагандар 3 жылга чейин эркинен ажыратылары жазылган.

* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы БУУнун жыйынында
Фидель Кастро 4 саат 29 мүнөттүк сөз сүйлөп, "Гиннесстин рекорддор китебине" таңдайынан чаң чыккан чечен катары кирген. Ал эми "Reuters" маалыматтык агенттигинин берген маалыматы боюнча, Фидель Кастро 1986-жылы Куба Коммунисттик партиясынын үчүнчү съездинде 7 саат 10 мүнөткө созулган сөз сүйлөгөн.