4-октябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында Азия оюндары жыйынтыкталды. Анда Кыргызстан курама командасы 6 медаль утуп (2 күмүш, 4 коло) командалык эсепте 30-орунду ээледи. Бул оюндарда коло медаль тагынган Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков SUPER.KG порталына маек куруп, өзүнүн шакиртинен эл алтын күткөнүн, бирок Айсулуунун 3-орунду ээлеп калуусуна жүйөлүү себептер болгонун айтты. “Биз Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен алдынкы 3 орундун бирин багындыруу тууралуу милдеттенме алганбыз. Бул тапшырманы толук бойдон аткардык” деп баштады кебин Н.Изабеков.
- Нурбек мырза, Кыргызстан курамасы бул жолку Азия оюндарында 6 медаль алды. 2010-жылкы Азия оюндарында 5 медаль болгон. Бирок анда алтын да бар эле...
- Ооба, өткөн жолкусунда Кыргызстан 1 алтын, 2 күмүш, 1 коло медаль уткан. Бул жолу 1 медалга көп уттук. Бирок барган сайын Кыргызстан курамасынын Азия оюндарында багынткан медалдарынын саны азайып баратат. Бул көрсөткүч мамлекеттин экономикалык абалына байланыштуу болот. Спортчулардын мыкты даярдануусу үчүн мыкты шарт керек. Мына, эгемендүүлүктү алганыбызга 20 жылдан ашты. Бул убакыт аралыгында бир дагы спорттук имарат, спортчулар ири мелдештерге даярдана турган борборлор ачылган жок. Спортчуларыбыз эски залдарда кыйын шартта машыгып, тиешелүү жетишкендиктерди көрсөтүп жатышат. Кыргыз спортуна ушундай мамиле жасала берсе, кийинки Азия оюндарында медаль албай калабыз.
- Ооба, мамлекет жетиштүү көңүл бурбаса да, спортчулар ийгилик жаратып келишкенин эске алып, Айсулуу Тыныбекова алтын алат деп күткөнбүз...
- Азия оюндарынын программасында кыз-келиндер 4 килограмм салмактык бөлүктө (48, 55, 63, 75 килограмм салмактарда) гана күрөштү. Айсулуу Тыныбекова күрөшүп келген 58 килограмм салмактык бөлүк бул программага кирбей калган. Муну биз 1-2 ай мурун билгенбиз. Ошондо Айсулуу 63 килограммга күрөшө алмак эмес. Демек, 3 килограмм салмак кууп, 55 килограмм салмакта күрөшүшү керек болду.
- Ошондо салмак кууганга мажбур болгон турбайбы. Мелдешке келгенде салмак кууп, алы кетип калдыбы?
- Ооба, чарчап калды. Салмак кууган спортчулар түшүнөт, мындай кырдаалда ар бир грамм спортчунун алын кетире берет. Биз үчүн төмөнкү салмакка түшүп, медаль алганыбыздын өзү жетишкендик. 3-орун үчүн болгон беттеште Айсулуу жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгон кызды утуп алды. Болгондо да 5 упай айырмачылыгында.
*
- Негизи, төмөнкү салмакты же жогорку салмакты тандачу кырдаал өтө кыйын болот эмеспи. Айсулуунун 58 килограммда күрөшүп жүргөн атаандаштары келдиби, алар кайсы салмакты тандашыптыр?
- Айсулуу менен эл аралык мелдештерде 58 килограмм салмакта күрөшүп жүргөн спортчулар келишкен жок. 58 килограмм салмактык бөлүк оюндардын программасына кирбей калганын билген соң алар эс алууга өтүштү. Себеби башка мамлекеттердин бардык салмактарда даяр спортчулары бар. Ошондуктан башка салмакта күрөшкөн спортчулар салмак кошуп же салмак кууп отурушпайт.
- Өзүңүз кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча кураманы машыктырып жүрөсүз. Бизде качан ар бир салмакта даяр спортчулар болот?
- Бул үчүн убакыт керек. Мисалы, Айсулуу 4 жылдан бери күрөшүп жүрөт. Бул убакыт аралыгында аны эл аралык деңгээлге алып чыктык. Башка салмакта да күчтүү спортчуларды даярдап чыгуу 2-3 жыл убакытты алат. Азыр даярдыктан өтүп жаткан кыздар бар.