
* Мындан 91 жыл мурун, 1923-жылы советтик жана кыргыз театр жана кино актрисасы, СССРдин Эл артисти
Бакен Кыдыкеева Бишкек шаарынын Төкөлдөш тарабында туулган. Чыгармачылык жолун 1936-жылы Фрунзедеги Жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Актрисанын кинодогу ишмердиги кыргыздын биринчи көркөм фильми "Салтанат" менен байланыштуу болгон. Кийин ал көптөгөн фильмдерде ролдорду аткарган. Кинодогу мыкты ролдору үчүн дипломдор менен сыйланган. Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси. Режиссёр катары А.Осмоновдун "Махабатын" койгон. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. 1993-жылы 70 жаш курагында көз жумган.

* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы ЖКнын депутаты
Тынычбек Акматбаев №31-колонияда чыккан көтөрүлүштү токтотуу максатында ал жакка жол алган. Бирок көтөрүлүшчүлөр андан бетер чыр чыгарышып, кандуу жаңжал коштогон атышуу башталган. Атышууда ок Тынычбек Акматбаевге тийип, аны менен бирге анын үч жан сакчысы да каза болгон.
Маркум "кримавторитет" Рысбек Акматбаевдин иниси, ЖКнын экс-депутаты Тынычбек Акматбаев 1962-жылы 30-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Тынычбек Акматбаев 1983-жылы Фрунзе шаарындагы Соода техникумун, 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн. 1984-1992-жылдары Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан эс алуучу жайларда ашпозчу, технолог, сатуучу болуп иштеген. Ал эми 1992-1997-жылдары жеке ишкердик менен алектенген. 1998-жылы Чолпон-Атада Төрөгелди атындагы асыл тукум жылкы заводун ачкан. Тынычбек Акматбаев 2005-жылы март айында 3-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы "Лужники" стадионунда "Спартак" (СССР) жана "Хаарлем" (Нидерланды) футболдук клубдарынын ортосунда болгон беттеш учурунда тыгын болуп кетип, "Спартактын" 66 күйөрманы (алардын көпчүлүгү өспүрүмдөр) каза болгон.

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Ливиянын мамлекет башчысы, аскердик ишмери
Муаммар Каддафи Өткөөл улуттук кеңештин күчтөрү тарабынан колго түшүрүлүп, өлтүрүлгөн.
Муаммар Каддафинин туулган жылын биографтар 1940-жыл десе, өзү 1942-жылы 7-июнда Сирт шаарынан 30 чакырым аралыкта жайгашкан бедуиндин (көчмөн) алачыгында төрөлгөнүн айтып келген. Анын толук аты - Муаммар бен Мухаммад Абу Меньяр Абдель Салам бен Хамид аль-Каддафи.