Кыргыз-өзбек чек арасындагы темир жол өткөрмө пункттары ачылды

26-январдан баштап кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кызыл-Кыя темир жол”, “Кара-Суу темир жол”, “Жалал-Абад темир жол” жана “Шамалды-Сай темир жол” өткөрмө пункттары ачылып, өзбек тарап темир жол жүргүнчүлөрүн, жүктөрдү жана алардын коштоочуларын текшерип өткөрө баштады. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Учурда эки тарап биргеликте эксперттик топторду түздү жана чек арадагы башка өткөрмө пункттарды ачуу боюнча иштер жүрүүдө. Эске салсак, аталган темир жол өткөрмө пункттарын Өзбекстан 22-январда жапкан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан