Бүгүн, 30-январь күнү Жалал-Абадда шаардык соттун судьяларын жоопкерчиликке тартуу талабы менен митинг өттү. Айта кетсек, Жалал-Абад шаарында 2010-жылы улуттар аралык жаңжалда ондогон кишини өлтүрүү фактысы боюнча айыпталып, Сузак райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган Шамшидин Ниязалиевдин жазасын 2013-жылдын 23-январында Жалал-Абад облустук соту 150 миң сом айып пулга алмаштыруу чечимин чыгарган болчу. Митингге чыккандар Ниязалиев боюнча Сузак райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну айтышып, судьялар А.Молдобаевди, А.Маматовду, Т.Баатырбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда.