
* Мындан 29 жыл мурун, 1985-жылы бильярдчы
Каныбек Сагынбаев Бишкек шаарында туулган. КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери, КРнын Эл аралык спорт чебери, Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, КРнын көп жолку чемпиону, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, Евразия чемпиондугунун төрт жолку жеңүүчүсү, Пальмир Кубогунун эки жолку күмүш, коло байге ээси жана башка көптөгөн байгелердин ээси Каныбек Сагынбаев бильярд менен 8 жашынан тартып машыга баштап, 13 жашында КРнын чемпиону аталган. Ал КУУнун экономика факультетин бүтүргөн.

* Мындан 94 жыл мурун, 1920-жылы ойдон чыгарылган англиялык тыңчы
Жеймс Бонд төрөлгөн. Англиялык жазуучу, журналист
Ян Флеминг 42 жашында жашоонун бардык кызыкчылыгынан кечип, жалгыз аралга кетүүнү чечет. Түйшүктүү кесибинен баш тартканы менен, Яндын жан дүйнөсү тынч ала албайт. Ямайкадагы вилласында жалгыз күн кечирип, тамеки тарта деңиз жээктеп ойлонуп жүрүп жеңилбес Бонддун образын ойлоп табат. Ал учурда Ян өзү да тарыхта кала турган каарманды түзүп жатканын билген эмес. Флеминг Экинчи дүйнөлүк согушта Британия падышачылыгынын алдындагы флотто чалгынчы болуп кызмат кылган. Ошондуктан Бонддун образын түзүүдө өзүнүн тажрыйбасына таянган. Бонддун жашоодогу персонажы жок, жалаң гана автордун фантазиясынан жаралган. Айрымдар Ян менен Бонддун ортосунда окшоштуктар бар экенин айтышкан. Ян да акыркы модадагы машинага, сулуу кыздарга, кумар оюндарына кызыкчу. Ал эми Жеймс Бонд деген атты канаттуулар тууралуу китеп окуп, ошондогу орнитологдун атын алган. Бонд тууралуу чыгармалар 20-кылымдын мыкты бестселлерине айланып, 40 миң нуска менен жарык көргөн.

* Мындан 63 жыл мурун, 1951-жылы Савант синдрому менен ооруган феноменалдуу эске тутуу жөндөмүнө ээ америкалык
Ким Пик АКШнын Солт-Лейк-Сити шаарында төрөлгөн. Окуган маалыматынын 98 пайызын эсинде сактап калгандыктан, Ким-пьютер деген лакап атка ээ болгон. Ким Пик төрөлгөндөн 16 ай өткөн соң окуганды үйрөнүп, көп убагын окуу менен өткөргөн. 3 жашында гезиттерди калтырбай окуп, 7 жашында Библияны жатка билген. Үйүндөгү китепканадагы китептерди окуп, аларга кайрадан кайрылбаш үчүн тетири каратып койчу экен.

* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы "Оскар" сыйлыгынын беш, BAFTA сыйлыгынын үч жолку номинанты, "Алтын глобустун" эки жолку ээси, америкалык актёр
Леонардо Вильгельм Ди Каприо Лос-Анжелесте туулган. 15 жашында Ди Каприонун өзүнүн жеке агенти болуп, ошол мезгилде эле жарнамалык түрмөктөрдө, документалдык фильмдерде тартылган. Ошол эле жылы Лео ошол кездеги эң белгилүү "Лесси" сериалында эпизоддук ролдо ойногон. Ошентип, Ди Каприонун карьерасы күндөн-күнгө өсүп, 1991-жылы экранда анын катышуусу менен "Зубастики-3" деген аталыштагы биринчи кино тартылган.
Леонардо Ди Каприо "Ромео+Джульетта", "Дневники баскетболиста", "Титаник", "Пляж", "Банды Нью-Йорка", "Поймай меня, если сможешь", "Авиатор", "Отступники", "Остров проклятых", "Начало, "Великий Гэтсби", "Джанго освобождённый", "Волк с Уолл-стрит" тасмаларына тартылып, атактуулугун арттырган.