Бишкекте 2-февраль күнү “Эл тагдырындагы Сталинград салгылашуусу” деген аталышта иш-чара өтөт
Бишкекте 2-февраль күнү “Эл тагдырындагы Сталинград салгылашуусу” деген аталышта иш-чара өтөт. Бул иш-чара Улуу Ата Мекендик согушта Сталинград шаарын коргоп, салгылашууда совет элинин жеңип чыккандыгынын 70 жылдыгына арналат. Бул күнү балдардын колунан жаралган сүрөттөрдүн көргөзмөсү болуп, “Бул саптар сага арналат, Сталинград"” аттуу дил баян сынагынын жыйынтыгы чыгарылат.
Иш-чара Бишкектеги Орусиянын билим берүү жана илим борборунда болот.