
* Мындан 68 жыл мурун, 1946-жылы Эл аралык студенттердин күнү Прагада Студенттердин дүйнөлүк конгрессинде бекитилген. Эң алгачкы жолу 1939-жылдын 28-октябрында Чехословакияда студенттер менен жогорку окуу жайдын окутуучулары көчөгө чыгып демократияны, Чехословакиянын түптөлүшүн майрамдашмак болушкан. Бирок демонстрация баскынчылар тарабынан токтотулуп, андагы студенттер менен окутуучулар куулуп, жыйынтыгында медициналык факультеттин студенти Ян Оплеталга ок тийип каза болгон. Яндын сөөгүн жерге беришкен соң, 15-ноябрь күнү жаштардын нааразычылыгы өсүп отуруп көтөрүлүшкө айланган. Ал эми 17-ноябрь күнү таң атпай гестапочулар менен эсэсчилер студенттердин жатаканасын курчоого алышып, 1200 студентти Заксенхаузендеги концлагерге камап, анын арасынан эң алдынкы 9 күнөөсүз студентти суроо-сопкуту жок эле өлүм жазасына тартышкан. Ушундай жүрөктүн үшүн алган окуядан кийин Гитлердин буйругу боюнча Чехословакиядагы бардык жогорку окуу жайлар согуш бүткөнчө жабылган.
Учурда Чехияда бул күн мамлекеттик майрам катары белгиленет. Ал эми башка мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда бул күн расмий майрам саналбаса да, 1990-жылдардан бери студенттер арасында ири майрам катары кабылданып, белгиленип келет.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 115-чакырымында жүргүнчү ташуучу Мерседес-Спринтер кичи автобусу менен Хонда Аккорд автоунаасы сүзүшкөн. 8 адам каза таап, 23 адам жаракат алган.

* Мындан 108 жыл мурун, 1906-жылы "Honda" компаниясынын негиздөөчүсү, япониялык инженер
Соитиро Хонда Япониянын Хамаматсу аттуу агрардык провинциясында кедей темир устанын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал 1948-жылы белгилүү "Honda" компаниясын негиздеген. 1960-жылдары анын ишканасы чыгарган мотоциклдер дүйнөлүк рыноктогу мотоциклдердин 60 пайызын түзгөн. 1980-жылдын башында Хонда машиналары Японияда 3-орунда болсо, 1990-жылдардын башында машина чыгаруу боюнча дүйнөдө 3-орунду ээлеген. Ал “АКШда япондуктардыкындай сапаттуу машина чыгаруу мүмкүн эмес” деген мифти жокко чыгарууга да жетишкен. Анткени 1970-жылы АКШнын Огайо штатынын Мериссвиле шаарына завод курган. Заводдон сапаты жагынан Японияда чыгарылгандардан кем калбаган жаңы Хонда Аккорд машинасын чыгарып, сатыкка койгон. 1980-жылдары бул машина АКШда эң көп сатылып, 1990-жылдары да популярдуулугун сактап турган. Соитиро Хонда АКШнын машина куруу индустриясынын эң татыктууларынын катарына кирген алгачкы япондук болуп кала алган.
XX кылымдын эң көрүнүктүү инноваторлорунун бири Соитиро Хонда 1991-жылдын 5-августунда 84 жашында Токиодо дүйнөдөн кайткан.

* Мындан 11 жыл мурун, 2013-жылы
Арнольд Шварценеггер Калифорниянын 38-губернатору болуп дайындалган. Ал эми 2006-жылы экинчи ирет шайланып, мөөнөтү 2011-жылы 3-январда аяктаган.
Теги австриялык болгон америкалык актёр жана коомдук ишмер Арнольд Шварценеггер 1947-жылы 30-июлда Австриянын Грац шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Таль кыштагында Густав жана Аурелия Шварценеггерлердин үй-бүлөсүндө туулган. “Айбан”, “Коммандо”, “Эгиздер”, “Бала бакча полициясы”, “Терминатор”, “Терминатор-2: Сурак күн”, “Терминатор-3: Машинанын калыптанышы”, “Доктор Дулиттл-2”, “80 күн ичинде ааламга сапар” ж.б. тасмалардагы ролдору менен белгилүү болгон Арнольд Шварценеггер 1990-жылдардан тартып саясатка аралаша баштаган.