Ырчы KG Эльмураттын “Сагынам сени” аттуу ырынын клиби жарыкка чыкты. Ырдын сөзү ырчынын өзүнө таандык болсо, обону Жаныбек Калыбаевдики. Клиптеги башкы каармандын ролун ырчы өзү жана “Дидар” шоу-балетинин кыздары аткарышкан. Тартуу иштери 2013-жылдын 23-январында башталып, 27-январда аяктаган. Режиссёру Нурсултан Кубатов.