КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Кыргызстанда жыл сайын 25 миң пенсионер көз жумат. Мындай маалымат ЖКнын 31-январдагы жыйынында айтылды. Абылгазиев быйылкы жылга карата көз жумган пенсионерлерди жерге көмүү иштерине 375 миллион сом бөлүү каралып жактанын айтты. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 562 миң пенсионер бар.