Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов маалымат жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
"Биз май айында Акылбековдун ишинде кемчиликтер болуп жатканын байкаганбыз. Бул кемчиликтерди жой деген тапшырма берип, 1 айдан кийин текшерилерин айтканбыз. Биз 4 айдан кийин текшердик, эч нерсе өзгөргөн эмес экен. Алгач сөгүш бердик, андан кийин айла жок аны кызматтан четтетүү чечимин кабыл алдык",- деди ал.
Кошумчалай кетсек, бул маселенин келип чыгуусуна Н.Акылбеков жетектеген Олимпиадага даярдоо борборунун олчойгон карызга батканы себеп катары айтылып келген. SUPER.KG порталына курган маегинде Кадырбек Эргешов мамлекетке чыгым келтиргени үчүн ал же акчаны кайтарарын, же камаларын айткан.