Кадырбек Эргешов: "Мамлекетке чыгым келтирген Олимпиадалык борбордун башчысы же акчаны кайтарат, же камалат"

Учурда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунда, Олимпиадага даярдоо борборунда жана Спорттук курулмалар, спорттук камсыздоо башкармалыгынын тегерегинде каражатка байланыштуу чуулар жүрүп жатат. Олимпиадага даярдоо борбору ушул апта ичинде борбордун карызы 21 миллион сомго жеткенин айтса, Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору Көчмөндөр оюндарын уюштурууда сарпталган каражат боюнча отчёт берип жатат. Ал эми Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондун оңдоп-түзөө иштери убагында бүтпөгөнү үчүн (сентябрда бүтүшү керек эле) Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору Болот Сулайманов кызматтан алынган. Аталган агенттиктин директору Кадырбек Эргешов бул маселелер боюнча SUPER.KG порталына маек куруп, учурда каражатка байланыштуу көйгөйлөр бар экенин айтып берди. Спорттогу коррупцияга байланыштуу иштер боюнча ал “мен иштер кызуу жүрүп жатканда эле айткам, мамлекеттин 1 тыйынын уурдасаңар, мамлекет миң кылып сыгып алат деп” дейт.   

- Алгач эле Олимпиадага даярдоо борбору 21 миллион сом карыз болуп калыптыр. 1 жылга бөлүнгөн каражаттын суммасы кандай эле?

- Негизи, Олимпиадага даярдоо борборуна бөлүнгөн каражат спортчулардын тамактануусуна, командировкаларга, фармакологияга жана башка кошумча чыгымдарга сарпталат. Бул борбордун иши боюнча айта кетсем, спортчулардын тамактануусуна 2014-жылдын алгачкы 9 айына 15 миллион сом бекитилген, бирок 20 миллион сом каржыланган. Чет жактардагы мелдештерге, машыгуу сборлоруна жөнөтүү боюнча 14 333 700 бекитилген экен. Биз анын 9 781 800 сомун гана бериптирбиз. Кошумча сарпталган каражаттардан дагы биз 250 миң сом карыз болуп калдык. Негизи, биздин иштөө принципке ылайык, бизге акча бөлүнөт, биз ошол акчанын чегинде гана иш алып барабыз. Бул чектен чыкпашыбыз керек. Жыл башында бизге бөлүнгөн каражатка карап атайын спорттук иш-чаралардын календарын түзүп чыгабыз. Ошол календардын негизинде иштейбиз.

- Ошондо бардык иштер боюнча Олимпиадага даярдоо борборунун директору Назирдин Акылбеков күнөөлүү болуп калабы?

- Ооба, анткени жыл башында план түзүлгөн. Акча ага берилген. Берилген каражаттар боюнча өзүнүн колу турат. Агенттик болсо спортчулардын чет жактарга чыккан каражаттарын төлөп берет. Бул сумма 8 миллион 146 миң сом. Мен Каржы министрлигине бардым. Менин колума акча тиер замат которуп берем. Булар жыл башынан бери карызга иштеп келатышкан. Азыр, мисалы, аларга акча берсем, жаңы жылдан берки карыздарын жаап жатышат. Эми бул иш боюнча Башкы прокуратура чара көрөт. Спортчулардын тамактануучу жайлары боюнча сүйлөшүүлөр жыл аягына чейин күчүндө кала берет. Андыктан эсеп мындан ары да өсөт.

- Ага сөгүш берип, кызматтан ала турганыңызды айтыптырсыз...  

- Ооба, эми бул жигит мамлекетке келтирилген чыгымдарды кайтарып бериши керек. Болбосо камалат. Бул жетекчи бардык акчаларды улуттук курама командага сактап турушу керек эле. Анын бирден-бир иши - ушул улуттук курама менен иштөө. Мисалы, мен Совет маалында Олимпиадага даярдоо борборун башкаргам. Анда бизде ар бир спортчуга карата качан тамактанары, качан машыгары тууралуу план бар болчу. Президент деле айтты го, мындай шалаакылык менен алдыга жыла албайбыз. Борбордун директору айтып жатат, "биз Азия оюндарында 5 медаль утабыз деп пландаганбыз, 6 медаль алдык" деп. Бирок медалдан тышкары да биздин милдеттерибиз бар да.  

- Стадиондун оңдоп-түзөө иштери сентябрда бүтүшү керек эле, бүтпөй калды... Бул жерде да акчага байланыштуу иштер барбы?

- Ооба, бар. Сентябрда иш бүтпөй калып, Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын директору Болот Сулайманов кызматынан алынган. Учурда Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Текшерүүдөн кийин жыйынтыгын чыгарабыз. Стадионду оңдоп-түзөөгө 25 миллион сом бөлүнгөн. Учурда акча жок, курулуш сапатсыз жүрүп жатат. Ошентсе да оңдоп-түзөө иштери ноябрь айында бүтөт. Бирок берилген каражатты териштирүү иштери жакында бүтпөсө керек. Булар бүт эле жеген кишилер экен.

- Көчмөндөр оюндары өткөн ат майданды кайра курууну колго алган “Темир-Канат” ишканасы да учурда текшерилип жатат. Анда да 1 миллион сомдун эсеби чыкпай жатат...  

- Биз чогулушта тактап чыктык, ал ишкананын мамлекеттик деңгээлдеги жоопкерчиликти алганга лицензиясы жок экен. Биздин Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборубуз ошол киши менен келишим түзүп, анан мага тааныштырышты. Убакыт аз, токтом чыккан, айла жок жумушту аларга тапшырдык. Анан Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборуна 8 миллион сом которуп бердим. Келишимди ушул борбор түзгөн. Оюн башталарына 3-4 күн калганда эмнеге бүтпөй жатат десем, акча керек дешти. Анан дагы 4 миллион которуп бердим. Учурда аларды да текшерип жатат, 4 миллион эмес, 20 миллиондун тегерегинде карыз экен. Мисалы, мамлекеттин эсеби боюнча бөлүнгөн каражатка жумуш бүткөрүлүшү керек болчу. Ал эми курулуш компаниясы мамлекет менен келишим түзүлгөндөй калыңдыкта эмес, андан да калыңдатып жибериптир. Эми мунун баары мамлекеттин акчасы да... 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aali-90
2014-10-24 23:55:09
ушинтип эле кыргыздар пирикол болуп журо беребизда.
-1
sagyn01
2014-10-25 05:56:16
Пирикол?
-1
Ulik82
2014-10-25 07:44:18
Оба камалат.жеп ичсе бир чон менен жеп ичкендир.кыйратасынар.жеп ичти деп камап койгон адам после революция акталып чыгып депутатом станет.:)
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан