Кыргызстанга Американын хип-хоп бийчиси Будда Стреч келет

4-февралда Кыргызстанга Американын хип-хоп бийчиси Будда Стреч келет. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайты жарыялады. Маалым болгондой, бийчи Бишкек жана Ош шаарынын студенттери менен жолугушуп, анда хип-хоптун тарыхын, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берет. Ал Кыргызстанда 11-февралга чейин болмокчу. Ал эми Будда Стреч жөнүндө айта кетсек, ал өзүнүн 20 жылдык чыгармачылык эмгегинде Дайана Росс, Роузи Перес, Уилл Смит, Майкл Жексон өңдүү белгилүү жылдыздар менен чогуу иштешкен. Ал эми 1989-жылы Нью-Йоркто эң алгачкы хип-хоп бийчиси наамын алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан