27-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлерине туман түшөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +1°C, түнкүсүн -15°C
Талас облусу. Күндүз -7°C, түнкүсүн -17°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +6°C, түнкүсүн -6°C
Баткен облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -7°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -12°C
Нарын облусу. Күндүз -5°C, түнкүсүн -15°C
Бишкек шаары. Күндүз -2°C, түнкүсүн -13°C