Эртең, 2-февралда Бишкек шаарындагы Кино үйүндө Кыргыз Эл артисти, актёр Чоро Думанаевдин жашоо турмушун чагылдырган “Чоро ” аттуу документалдык тасманын ачылышы болот. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирет. Кино аталган актёрдун 60 жылдык мааракесине арналып, режиссёр Мурат Мамбетов тарабынан тартылды. Тасмада Чоро Думанаев өзүнүн кинодо жана театрда аткарган ролдорун, көзү өтүп кеткен кесиптештерин эскерет. Эске сала кетсек, Чоро Думанаев “Ак кеме”, “Кызыл алма” сыяктуу бир топ кинолордо жана “Чиркин өмүр” телесериалында роль жараткан.