Ош. Завод жылына 78 миң даана кир жуугуч машина чыгарып, экспорттоону пландоодо

Ош шаарында бүгүн, 1-декабрда кир жуугуч жана муздаткычтарды чыгаруучу кыргыз-кытай биргелешкен "Жим-Мей" заводунун расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаров билдирди. 
"Кир жуугуч жана муздаткычтарды чыгаруучу "Жим-Мей" заводу кыргыз-кытай биргелешкен үчүнчү ишкана болуп саналат. Буга чейин шаар аймагында жеңил типтеги үйлөрдү куруу жана гипсокартон чыгаруучу кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы да ачылган болчу. Заводдун ачылыш аземине бийлик жетекчилигинин бир катар өкүлдөрү жана Өзбекстан менен Тажикстандын да бизнес тармагынын өкүлдөрү катышты. Учурда эртең Өзбекстанга 410 даана кир жуугуч машинаны алып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү",- дейт З.Аскаров. 
Белгилүү болгондой, аталган заводдо Ош шаарынын 45 тургуну атайы чакырылган кытай адистери тарабынан окутулган. Учурда заводдо эмгектенген кызматкерлердин саны 45тен 60ка чейин көбөйтүлгөн. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, күнүмдүк өндүрүштүк кубаттуулугу 250 даана, айына 6500, жылына 78 000 даана кир жуугуч машиналары чыгарылып, Ош шаарынын тургундарына 250 жумуш оруну түзүлөт.

"Заводдун ишке кириши менен айына 35,5 миллион сом же жылына 426 миллион сомдук товардык продукция чыгарууга өндүрүштүк кубаттуулугу мүмкүндүк берет. Чыгарылган кир жуугуч машиналардын 80 пайызы экспортко багытталып, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аталган ишкана кир жуучу машиналарды жана 2015-жылдан тартып муздаткычтарды чыгарууга багытталган",- деп белгилешти шаардык мэриядан.  

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев баш болгон мэриянын өкүлдөрү, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Улан Примов, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу У Инцинь, заводдун жамааты жана шаар тургундары катышышты. Эске салсак, “Жим-Мей” заводун ишке киргизүүгө жалпысынан 5 миллион доллар сарпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
12.12.12
2014-12-01 16:27:54
Биримдикке кирсен кытайлар болгон заводун Кыргызстанда эле ачып алышат го ээ))). Албетте жагымдуу жанылык. Кобойо берсин.
+1
AZIK01
2014-12-01 17:26:49
Оштун кайсыл жерине курулганын да, жазып өтсөңүздөр жакшы болмок. Каеринде экен ээ?
+1
aiba91kg
2014-12-02 02:41:38
Мына заман онолот деген ушул да.кудай буйруп Манас атабыздын арбагы колдосо баары жакшы болот((
+1
Manasemetei
2014-12-02 04:16:52
koldosun bizdi uluu atalarybyz ansyzda kop urulup sogulduk,tentirep kyinaldyk.karangylykta alysta korungon bir jarykka okwop owoljaryktykka asta jakyndap baratkandaibyz .Kyrgyzstan onolot.
0
aza_74
2014-12-03 18:03:48
баалары кандай болот экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан