Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун кайда экени белгисиз болууда. Муну Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов бүгүн, 3-декабрда билдирди.
Ошондой эле ал Мырзакматовду издөө иштери мамлекет ичинде жүрүп жатканын айтты.
Айта кетсек, Мелис Мырзакматов "Ош шаарынын мэри болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Ош шаарынын жергиликтүү коомчулуктун уставы” мыйзамдарын бузуп, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок аталган көпүрөнү каржылоого жана курууга Оштун жетекчилерине мыйзамсыз буйрук берген" деп айыпталууда. Мунун кесепетинен мамлекетке 27 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Ал эми 2014-жылдын 27-ноябрында М.Мырзакматовго “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган болчу.