Жылнаама, 5-декабрь: Мындан 1 жыл мурун Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынган

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов кызматтан алынган. Тийиштүү жарлыкка 5-декабрда ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Жаңы шаар башчысы шайлангыча мэрдин ордуна Ош шаарынын биринчи вице-мэри Алимжан Байзаков убактылуу дайындалган. 
Өкмөт Мелис Мырзакматовду кызматтан бошотулуусу Ош шаарынын мэрин шайлоого байланыштуу экенин билдирген. 
Мелис Мырзакматов Ош шаардык кеңешине шайлоодон кийин, 2012-жылдын март айынан тарта мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген. "Мындай статус өкмөт башчы шаардык кеңеш менен макулдашпай туруп мэрди кызматтан четтете алат дегенди түшүндүрөт",- деп билдиришкен өкмөттөн.
* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин иш сапары менен келген. Адегенде Владимир Путинди кыргыз президенти Аскар Акаев кабыл алып, өлкө жетекчилери түзмө-түз жолугушкан. Андан соң кеңири курамдагы биргелешкен сүйлөшүүлөр жүрүп, 9 пункттан турган "Бишкек декларациясына" кол коюлган. "Бишкек декларациясына" ылайык, Кыргызстандын Орусия мамлекетине болгон тышкы карызын төлөө 20 жылга узартылган. 
* Мындан 54 жыл мурун, 1960-жылы ЖКнын экс-төрагасы жана V чакырылыштын “Ата Журт” партиясынан шайланган депутаты, экс-министр Марат Султанов Фрунзе шаарында төрөлгөн. 
1983-жылы Москва шаарындагы Болот жана аралашмалар институтун аяктаган. 1994-1998-жылдарда Улуттук банктын төрагасы, 1998-2000-жылдары каржы министри, 2000-2005-жылдарда ЖКнын депутаты, 2006-2007-жылдары парламенттин спикери, 2009-2010-жылдар ичинде кайрадан каржы министри болуп иштеген. 
5-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2014-12-05 11:05:29
Jakai89, сын-пикириңиз болсо, info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазып жөнөтүңүз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан