Сочи-2014: Олимпиаданын ачылыш аземинде ачылбай калып чуу жараткан шакекченин себеби аныкталды

Быйыл 7-февралда Орусиянын Сочи шаарында Кышкы Олимпиаданын ачылыш аземинде олимпиадалык 5 шакекченин биринин ачылбай калгандыгынын себеби аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда иш-чаранын сценарийинин автору Константин Эрнстке шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
К.Эрнсттин айтымында, шакекченин ачылбагандыгына ирландиялык риггерлер (парашют техникасын тейлөөчү адистер) күнөөлүү. "Олимпиаданын ачылыш жана жабылыш аземдерине 2,5 жыл даярданганбыз. Даярдоо иштери жүрүп жатканда шакекчелер жакшынакай эле ачылып жаткан. Түнү ошол риггерлер шакекчени түшүрүп салышыптыр. Алар менин 5 күн бою уктабай жүргөндөгү абалымды көрүп, коркуп айтпай коюшуптур",- деди ал.
Маалыматтарга таянсак, бардык адистер Олимпиаданын ачылыш аземи эң жогорку деңгээлде өтүп, шакекченин ачылбай калгандыгы гана кемчилик экенин айтышкан. Интернет колдонуучулары болсо бул окуяны шылдыңга алышкан.
Олимпиаданын ачылышында ачылбай калган шакекче
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
gerakl
2014-12-05 10:25:44
Мазактоочулардын ойлоп тапкан сүрөттөрүн көрүп алып биииир каткырып алдым го))))
+5
nur-patriot
2014-12-05 10:40:01
ваха-ха!! сонун го сүрөттөр ))
+4
talant87
2014-12-05 11:06:39
озунун колунан келбегендерди иши да
+1
eliza_eliza
2014-12-05 11:15:53
))))
+1
Aylin.91kg
2014-12-05 14:49:00
Тооба кылдым ииииий, кулкуну келтирет.
+1
Aksy-13
2014-12-05 18:30:23
ушундай суротторду чыгарганды ойлонгондорго рахмат.СУПЕР-сУПЕР СУРОТТОР
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан