Жылнаама, 6-декабрь: Мындан 8 жыл мурун “Манас” аэропортунда америкалык аскер кызматкеринин огунан бир айдоочу каза болгон

* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы “Манас” аэропортунда америкалык аскер кызматкеринин огунан бир айдоочу каза болгон. Бул күнү саат 15:00дө «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн аскер кызматкери, Ганси атындагы авиабазада кызмат өтөгөн Хэтфилд Закаринин катышуусу менен кайгылуу жаңжал болуп өткөн. Ал белгисиз себеп боюнча табелдик куралынан 1964-жылы туулган, авиабазада май куюу кызматтарын көрсөтүүчү «Аэркифт Петрол Менеджмент» ЖЧКсынын айдоочусу, Кыргыз Республикасынын жараны Александр Ивановду атып жиберген. Алган жарааттардын натыйжасында А.Иванов ооруканада каза болгон. 
2007-жылы 7-майда бул тууралуу кылмыш иши расмий түрдө аяктаган. Башкы прокуратура Закари Хэтфилдди күнөөлүү деп тапкан, бирок АКШнын аскерлери чет өлкөдө кылмыш кылышса, башка өлкөнүн юрисдикциясына алынбаганына байланыштуу АКШ Закари Хэтфилдди Кыргызстанга берген эмес. Ал 2007-жылы 22-мартта мекенине жашыруун кайткан.
* Мындан 522 жыл мурун, 1492-жылы Христофор Колумб Гаити аралын ачкан. "Гаити" деген сөз индейлердин "таино" деген сөзүнөн алынып, "тоолуу өлкө" дегенди түшүндүргөн. 1677-жылы Гаити аралы Франциянын карамагына өткөн. Жергиликтүү калк жок кылынып, ал жакка Африкадан алынып келинген кара терилүү кулдар отурукташып калышкан.
* Мындан 97 жыл мурун, 1917-жылы Канаданын Галифакс шаарынын портунда ок-дарылар жүктөлгөн франциялык "Монблан" аскер кемеси норвегиялык "Имо" кемеси менен сүзүшкөн. 
Кемеде өрт чыгып, кеме жарылып, жыйынтыгында шаардын чоң бөлүгү бузулган. Болжол менен 2 миңдей адам жардыруудан болгон сыныктардын алдында калып каза болгон. 9 миңдей адам жарадар болгон, 400 адам көрбөй калган. Бул кырсык тууралуу 2003-жылы "Разрушенный город" аттуу тасма тартылган. Бул жарылуу өзөктүк доорго чейинки эң күчтүү жарылуу болгон.
6-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан