Ошто газдын жоктугунан улам суюлтулган газды колдонуп жаткан бала бакчаларда өрттүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №49-бала бакчада мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине өрт коопсуздугу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анда Ош шаарында газдын жоктугунан улам учурда айрым бала бакчалар суюлтулган газды колдонууда. Андыктан газ баллондорду этияттык менен колдонуу, ошондой эле электр жабдыктарын туура пайдалануу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү. Семинарга аталган башкармалыкка караштуу бардык бала бакчалардын кызматкерлери катышты.

Өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери 2 этап менен жүргүзүлөт. Алгач теориялык негизде, анан 2015-жылдын март-апрель айларында практика жүзүндө өткөрүлөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан