Ош. 2 окуучу Казакстанда өтүүчү эл аралык олимпиадага катышуу укугун алышты

Бүгүн, 9-декабрда Шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу №23-орто мектепте бир катар мектептердин 10-11-класстарынан тандалып алынган 2ден окуучу Казакстандын Жаутыков атындагы физика-математикалык гимназиясынын эл аралык олимпиадасына катышуу үчүн математика, физика, информатика сабактарынан сынак тапшырды. Сынактын жыйынтыгынан мыкты делген 2 окуучу (бири математика сабагынан, бири физикадан) тандалып, аталган олимпиадага катышууга жолдомо алышты. Жаутыков атындагы гимназиянын эл аралык олимпиадасы 2015-жылдын 11-17-январында өткөрүлүп, ага Кыргызстандан жалпы 7 окуучу катышат.

Белгилей кетсек, быйыл биринчи жолу Ош шаарынан 2 окуучунун катышуусуна уруксат берилди. Бул тууралуу Билим берүү башкармалыгынан кабарлашты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан