Баткен. Түрдүү тармактар боюнча жылдын мыкты жаштары аныкталды

КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан жаштар арасында “Жылдын мыктысы” номинациялары тапшырылды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты - жыл ичинде облус аймагында 14 жаштан 30 жашка чейинки курактагы эмгектенген, окуган жана ар кандай багытта жаштар менен иш жүргүзгөн үлгүлүү, таланттуу, билимдүү жана демилгелүү жаштардын ийгиликтерин, жетишкендиктерин баалоо. Салтанаттын жүрүшүндө облус жетекчиси Жеңиш Разаков жаңы идеяларга сугарылган, мезгил сынынан өткөн кыргыз жаштары менен бардык максаттардын ишке ашарын белгиледи. Салтанат концерттик программа менен коштолду.

“Жылдын мыктысы” номинацияларын жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1. “Мыкты студент” - Малик уулу Адилбек (Сүлүктү шаары)

2. “Мыкты окуучу” - Абдимажитова Нурайым (облустук гимназия-мектеби)

3. “Мыкты дарыгер” – Ахмедов Жаныбек (Кызыл-Кыя шаары)

4. “Мыкты ички иштер кызматкери” - Жалилова Аида (Кызыл-Кыя шаары)

5. “Мыкты мамлекеттик кызматкер” – Коргонбаев Баатыр (Кадамжай району)

6. “Мыкты муниципалдык кызматкер” – Матиса кызы Фарида (Баткен району)

7. “Мыкты спортчу” - Сулайман уулу Акжол (Баткен шаары)

8. “Мыкты маданият кызматкери” – Мавлянов Тыныбек (облустук драма театры)

9. “Мыкты журналист” – Убайдуллаева Фарида ("Баткен ТВ")

10. “Мыкты офицер” – Аманов Канат ("Алга" чек ара тозоту)

11. “Мыкты мугалим” - Токтоназарова Чынара (Лейлек району)

12. “Мыкты жаштар уюму” – Самудинова Файзура (Кадамжай району)

13. “Мыкты фермер” – Жээналиев Айбек (Лейлек району)

14. “Мыкты мамлекеттик уюмдун кызматкери” - Мавлянов Дилшат (Баткен шаары)

15. “Мыкты юрист” – Орунбаева Элиза- (Кызыл-Кыя шаары)

16. “Мыкты социалдык кызматкер” - Жалилов Каныбек (Баткен району)

17. “Мыкты экономист” – Илмиянов Искендер (Лейлек району)

18. “Мыкты өнөр жай кызматкери” - Абдуназаров Нурбек (Сүлүктү шаары)

19. “Мыкты байланыш кызматкери” – Сейитбурханов Абдрасул (облустук "Телеком")

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан