Францияда өтүүчү “Орусия адабиятынын жана орус китептеринин күнү” аттуу маданий иш-чарага кыргыз жазуучусу Талип Ибраимов чакырылды

15-февралда Франциянын борбору - Париж шаарында өтүүчү “Орусия адабиятынын жана орус китептеринин күнү” аттуу маданий иш-чарага Кыргызстандын атынан жазуучу жана публицист Талип Ибраимов чакырылды. “Кыргызфильм” киностудиясы билдиргендей, аталган иш-чаранын катышуучуларына Талип Ибраимовдун француз тилине которулган “Ангел” ("Периште") аттуу китеби тартууланмакчы. Мындан сырткары Францияда чыгуучу “Русская литература” журналына “Ангел” китеби бөлүк-бөлүгү менен да басылып чыгары маалым болду. Айта кетсек, 2010-жылдан бери орус адабияттарын баалаган француз окурмандарынын каалоосу менен жогоруда аталган иш-чара уюштурулуп келет. Бул күнү орус тилинен французчага эң жакшы которулган чыгармага “Русофония” сыйлыгы тапшырылмакчы. 

1. Жазуучу, публицист - Талип Ибраимов

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан