Ош шаардык ички иштер башкармалыгы: "Канжар Кадыралиевди кармоодо убакыт талап кылынып жатат"

"Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишине ылайык, Канжар Кадыралиевди 19-ноябрдан бери издөө жүрүп жатат. Жабырлануучу тараптын “милиция бул багытта иштебей жатат” дегени туура эмес. Канжар Кадыралиевди кармоодо убакыт талап кылынып жатат". Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан бүгүн, 15-декабрда билдиришти.

Ал эми Бишкектеги маалымат жыйыны учурунда жабырлануучу С.Келдибаевдин туугандары Канжар Кадыралиевди милиция издебей жатканын айтышкан эле.

Айта кетсек, Канжар Кадыралиевден жапа тартканын айтышкан Сактан Келдибаевдин ата-энеси жана бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда Канжар Кадыралиевдин ишкерди коркутуу жолу менен кафель чыгарган заводун тартып алууну көздөп жатканын айтышкан эле. Ошондой эле ишкер менен Канжар Кадыралиевдин телефондогу сүйлөшүүлөрү интернетке тараган. 

Ал эми Башкы прокуратура Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеп турган кызматынан бошоткон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bokonbaev
2014-12-15 15:15:52
Kanjardin kayda jurgonun 2.klasstagy bala dele bilet ko.kandaycha ubakit kerek bolup jatat.je oozunardi akcha mrnen jaap jatkan go.el kayda ekenin bilet a militciya bilbeyt.tooba kildim..karga karganin kozun chukubayt degen ushul tura..
+2
Zara_KARA-KULJA
2014-12-15 17:38:19
Кадыралиевтердин канында бар мындай нерсе бул арыздар бир чети,Куршаптын эле сайрап эле олтурбайбы арыз жазгандан коркобуз деп.
0
iskra77
2014-12-16 02:18:20
Кыргызстан коррупция боюнча биринчи местаны алыптыр десе тан калбайм!!!!
0
Nurtilek89_89
2014-12-16 11:09:30
myndai kylmysh kylgandar birisi da jazasyn ala elek
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан