Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөгө тирегичтерди орнотуу боюнча курулуш-монтаждоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда SUPER.KG порталына шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпүрөнүн курулуш иштери менен бүгүн Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов таанышып чыкты.
"Учурда курулуш иштеринде 4 жумушчу топ иш алып барууда. Жумушчулар эс алуусуз, 2 нөөмөт менен иштеп жатышат. Азыркы тапта көпүрөнүн тирегичтерин орнотуу үчүн 5 чоң чуңкур казылып, анын экөөнө тирегичтер орнотулду. Курулуш иштеринин сапаттуу жүрүшүнө чоң аракеттер жумшалууда. Эң негизги максат - көпүрөнүн курулуш иштери белгиленген убакыт аралыгында аякташы керек”,- деди Ж.Ормонов.
Ошондой эле азыркы тапта Навои көчөсүндө жайгашкан Ак-Буура дарыясы аркылуу өткөн эски көпүрөнү бузуп, тазалоо иштери жүрүүдө. Эске салсак, салынып жаткан көпүрөнүн экинчи этабы 18-ноябрь күнү башталган, ал 2015-жылдын 3-кварталында толугу менен курулуп бүтөт деп пландалууда.