Бүгүн, 4-февраль күнү Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында “Азыркы балдар поэзиясы” аттуу китептин бет ачары жана азыркы балдар адабиятынын абалы, келечеги, түйшүктүү маселелерин талкуулаган илимий конференция болуп өттү.
Эскерте кетсек, аталган китептин автору - адабиятчы, тажрыйбалуу методист-окутуучу, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева.
Автордун буга чейин “Кыргыз тилин бөтөн тил катары окутуунун методикасы”, “Кыргызча сүйлөшөбүз” аттуу илимий-методикалык окуу куралдары, “Сынган кылыч” романын өздөштүрүү маселелери”, “Окуучулардын адабий чыгармачылыгын өнүктүрүү методикасы”, “Турмуш чындыгы жана көркөм образ” аттуу эмгектери басылып чыккан.