Аба чубалгылары менен бир катар көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 17-декабрда Ош шаарынын жана Ош облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлдү. Бул тууралуу "Ош электр" АККнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарындагы Ак-Тилек кичи районунда жана Жапалак айылында электр жарыгына чектөө киргизилди. Мындан сырткары Кара-Суу районунда, Кыш-Абад, Беш-Капа, Чоок, Савай-Арык, Жаңы-Кызыл-Суу, Кашкар-Кыштак, Нариман, Зарипдар, Тельман, Кызыл-Тал, Будалык, Фуркат, Медресе, Кыргыз-Чек, Кулиев айылдарында электр жарыгы өчүрүлдү.