Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндө кеңдиги 3 метр, узундугу 34 метр болгон асма көпүрөнүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул асма көпүрөнүн курулушуна шаардык бюджеттен 6 миллион 135 383 сом каражат каралган. Ал эми “Алга-бит” жоопкерчилиги чектелген коому 5 миллион 200 миң сомго бааланган тендерде утуп, үстүбүздөгү жылдын июль айынан тарта курулуш иштерин жүргүзүп келүүдө. Шаардык коммуналдык чарба департаментинин жетекчиси Акылбек Нуркуловдун айтымында, Жаңы жыл алдында асма көпүрө ишке берилиши күтүлүүдө. Ошондой эле асма көпүрөнүн айланасын борбордук жолдун эки тарабынан 900 метр узундуктагы темир тосмолор менен тосуу иштери да жакында аяктайт. Темир тосмолорду курууга шаар бюджетинен 2 миллион 350 миң сом акча бөлүнгөн.