"Жетиген" "Бир бол" партиясын "2014-жылдын мыкты партиясы" деп атады

Республикалык көп тармактуу коомдук “Жетиген” журналы салтка айланган жыл мыктыларын аныктады. Мыктылар эки айга созулган сурамжылоо аркылуу тандалган. Коомго иши менен таанылган белгилүү уюмдар жана инсандар жасаган эмгегине жараша бааланды. Окурмандардын эң көп добушун алган, “2014-жылдын мыкты партиясы” наамы "Бир бол" мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясына ыйгарылды.

16-декабрда өткөн аземге коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, маданият адистери жана башка тармактардын өкүлдөрү чакырылган. Ар түрдүү номинациялар боюнча мыктылар дипломдор жана статуэткалар менен сыйланды. Алсак: “Жылдын мыкты адамы”, “Жылдын Бакай атасы”, “Жылдын мыкты саясатчысы", “Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери”, "2014-жылдын мыкты депутаты" аныкталып, ошондой эле мыкты мекеме, банк, гезит, ырчы, спортчу жана башкаларга бул сыяктуу наамдар ыйгарылды.

Бул аземде “2014-жылдын мыкты партиясы” дипломун жана статуэтканы "Бир бол" партиясынын Аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиевге коомдук-саясий ишмер Аликбек Жекшенкулов тапшырды.

Республикалык көп тармактуу "Жетиген" журналы кыргыз тилинде жогорку сапаттагы жылтырак кагаз менен Бишкекте жарык көрөт.

Кененирээк маалымат бул жакта:

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ALIK-BRO
2014-12-17 19:43:43
Ох кыйналып кеттим шу жанылыктарды окуп алып. Не болтат е тушунбой атам. Не кылгандары учун алышат не кылгандыгы учун министр болушат. Тушунбойсун. БАКС айтмакчы быягы бовой баратат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан