Нарын. Облус башчысы электр энергиясынын баасын арзандатууну суранган элдин талабын өкмөткө жеткирүүнү убада кылды

Бүгүн, 17-декабрда Нарын шаарынын тургундары электр энергиясына болгон бааны арзандатуу маселесин көтөрүп, 100 кишинин катышуусундагы митинг уюштурушкан. Алар түшкү тамактанууга бара жаткан облус башчысы Аманбай Кайыповду тосуп чыгып, маселени түшүндүрүштү. Чогулган эл ага чогулгандардын колу коюлган сураныч катын тапшырды. Облус башчы өз кезегинде бул маселени өкмөткө жеткирүүнү убада кылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жарандык активист Эрлан Салбаев билдирди. 
Анын айтымында, эл жакынкы 5 күн ичинде жооп кайтарууну өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн суранды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан