Бүгүн, 17-декабрда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде аскер кызматкерлери жана Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын кызматкерлеринин балдарына жаңы жылдык майрам уюштурулду. Бул тууралуу аталган штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарага майып балдар жана Бишкек гарнизонунда аскердик кызмат өтөп жаткандардын, толук эмес үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылган. Алар үчүн оюн-зоок программасы уюштурулуп, жаңы жылдык белектер таратылды. Майрамга жалпысынан 160тан ашуун бала катышты. Иш-чаранын соңунда асманга түстүү шарлар учурулду.