Бишкектин тургундары тез татым кызматынын ашканасындагы тамак жасалуучу столдо жүргөн келемишти көрүштү

Бишкектеги тез тамак-аш берүү кызматынын ашканасында келемиш жүргөн. Бул тууралуу видеону бүгүн, 17-декабрда активист Айбек Баратов интернетке жарыялады.
Видеодон келемиштин сыртта тасмага тартып жаткандарды көзгө илбей, тамак-аш даярдалган столдун үстүнөн тамак издеп ары-бери чуркап жүргөнүн байкоого болот. Ашкананын ичинде кызматкерлер байкалбаганынан улам "же иш күн эмес, же түн ичинде тартылган видео" деген ойго келесиң. Видеодон кайсы тамак-аш берүүчү жай экенин аныктоо кыйын. Видеону көргөн интернет колдонуучулары "Рататуй" аттуу белгилүү мультфильмдеги башкы каарманды эстеп, видеону ошол мультфильмдеги музыка менен коштоп, тамашалоого жетишишти. Анда башкы каарман келемиш мыкты ашпозчу катары сыпатталат. 
Бишкектеги тез тамак-аш берүү дүкөнүндөгү келемиш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
nur-patriot
2014-12-17 17:01:11
ииий, эми жизнь фастфудга барбайм!! )))
+3
jalguzum
2014-12-17 17:49:42
Фуу чондугун карагылачы. Кафе башчы тазалыкты козомол кылбайбы. Столдун устундо ушунча чон болсо анда ичкерилегилер воощего
+1
kg-zzzzz
2014-12-17 19:46:43
ошондуктан мен еч фасфудтан жебейм :-)
0
aziko88
2014-12-17 20:03:02
Тез татымдар бардыгы зыян андыктан жебегиле.
0
sardarbek84
2014-12-18 02:54:57
Ужасго, оздору кантип тамак жешет , же элге Боло берет дешеби, ушундай балиттерден коптогон оорулар пайда болуп жатат.
0
Ulutman
2014-12-18 14:13:42
Бул деген "Рататуй" турбайбы....)))
+1
Chikus93
2014-12-18 15:58:40
Кочонун тамагын жебеш керек,арам болуп эсептелет,ким билет дагы ал жерде келемиштен башка нелер бар экенин,
0
Ariet7
2014-12-18 23:19:18
айланайындар фаст фуд зыян дагы.и крысалар фуу андыктан жебей эле койгонубуз он го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан