Бишкек шаарында Казы Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академияда КРнын Мамлекеттик Гербинин бекитилгендигинин 20 жылдыгына арналган “Герб - өлкөнүн символу” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
“Тегерек столдун алкагында тарыхчы-окумуштуулар менен адистер КРнын мамлекеттик символдору: герб, туу жана гимндин мааниси жана түзүлүү тарыхы жөнүндө кеңири сөз кылышты”,- деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, окуу жайлардын студенттери, магистранттар жана Дипломатиялык академиянын профессордук-окутуучулук курамы катышты.