Францияда билим алган кыргызстандык аймактардагы саясий кырдаалды изилдеп чыкты

Францияда билим алган кыргызстандык, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Асел Дөөлөткелдиева “Партиялык өнүгүү жана аймактардагы шайлоо алдындагы кырдаал” темасы боюнча изилдөө жүргүзүп чыкты.

Анын айтымында, сурамжылоого жалпысынан 89 саясий жана коомдук ишмер катышкан. Алардын 57си партиялык кызматкерлер, 32си жергиликтүү байкоочулар. Изилдөө республиканын 7 шаарында өткөн: Каракол, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Токмок.

“Жыйынтыгында кандайдыр бир партияга кирүүгө анын курамында достордун же туугандардын катталгандыгы таасир тийгизгендиги аныкталды. Мындан тышкары партиянын лидери менен тааныш болушу да түрткү болууда. Айрым жарандар өз социалдык статусун жогорулатууга умтулушу партияга кирүүгө таасир тийгизгендиги белгилүү болду”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан