Стратегиялык изилдөөлөр институтунун илимий кызматкери Асел Дөөлөткелдиева “Партиялык өнүгүү жана аймактардагы шайлоо алдындагы кырдаал” темасы боюнча изилдөө жүргүзүп, анын жыйынтыгында парламентке, өкмөткө жана Борбордук шайлоо комиссиясына келерки шайлоону өткөрүүдө сунуштарын айтты.
"БШК шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоонун жыйынтыктары боюнча расмий маалыматтарын жаңылоо жана басып чыгаруу керек. Парламент бардык шаарларда ички жана тышкы саясат тууралуу коомдук угууларды улам-улам уюштуруусу зарыл. Ал эми өкмөткө саясий партияларга акчалай жардам көрсөтүүнү сунуштаар элем. Фракцияларга каржылык колдоо аймактык түзүмдөргө да таратылышы керек",- деди адис.