Социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстандагы эл аралык уюмдар менен жаңы форматтагы диалогго өтүүнү сунуштады

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Кызыл Жарым Ай улуттук коомунун башкы директору Рустам Алеев менен жолугушуу учурунда Кыргызстандагы эл аралык уюмдар менен жаңы форматтагы диалогго өтүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 18-декабрда билдирди.

"Бул жылы биз эл аралык уюмдар, биздин өнөктөштөр менен жыйынтыктоочу жолугушууларды өткөрөбүз. Анда негизинен үч маселе каралат. Башкысы - уюм биздин өлкөгө кандай пайда алып келгенин талкуулоо. Ошондой эле кызматташтыктын жыйынтыгын чыгарып, кийинки жылга план коюу",- деди министр.

Өз кезегинде Рустам Алеев Кызыл Жарым Ай коомунун негизги максаты социалдык жаатта жаш балдарга, улгайгандарга жана аялдарга жардам берүү экенине токтолду.

"Жыл ичинде биз кийим, азык-түлүк берип жардам көрсөтүп келдик. Социалдык иштерибизди Каракол жана Кара-Балта шаарларында улантып, кыйын турмушта жашагандарга колдоо көрсөтүүчү борборлорду ачтык. Ош шаарында аялдарга тиккенди, орус тилин үйрөттүк",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан