Бишкек шаарында бүгүн, 18-декабрда курман болгон кыргызстандык мигранттарды эскерүү флешмобу болуп өттү. Иш-чаранын алкагында чет өлкөдө иштеп жүрүп каза таап жана кулчулукка туш болгон жарандардын урматына абага ак жана кызыл түстөгү 650 аба шары коё берилди. Ак түстөгү 404 шар каза тапкан мигранттарды эскерүү максатында, ал эми 246 кызыл шар кулчулукка түшкөндөр үчүн асманга учурулду.
“Бүгүн Эл аралык мигранттар күнү. Биздин өлкөбүздө миграциянын ар бир үй-бүлөгө тиешеси бар, себеби ар бирибиздин жакындарыбыз жакшы жашоо издөө үчүн чет жакка кетүүдө. Бирөөнө бул нерсе пайда алып келсе, бирөөнө зыян алып келүүдө. Анткени ал жакка кеткен мигранттарыбыздын басымдуу бөлүгү ден соолугунан ажырап калышат. Анын үстүнө мигранттардын көбү балдарын таштап кетүүдө, айрымдары улгайган ата-энелерине таштаса, кошуналарына таштагандар да бар. Айта кетчү нерсе, 2013-2014-жылдар аралыгында кыргызстандык 404 мигрант каза тапкан. Ал эми аман-эсен кайтып келгендер көптөгөн ооруларга чалдыгып калып жатышат. Чет жакка кеткен мигранттардын көбү тааныш-билиш аркылуу кетишет. Бул нерсе кийин бир катар көйгөйлөрдү жаратууда. Алар полицияга түшүшөт, эч кандай тиешелүү документтери жок, жасалмаларды алып дагы башка көйгөйлөргө дуушар болушууда. Ал эми атайын тиешелүү мекемелерге кайрылып, алдын алып, юрист жана адистер менен кеңешип кеткендер аз кездешет”,- дейт иш-чаранын уюштуруучуларынын бири “Коомдук коммуникациялар институту” коомдук фондунун жетекчиси Венера Жунусова.
Коомдук фонддун жетекчисинин айтымында, мигранттардын кулчулукка түшүп калуусунун себеби - алардын өзүнө болгон жоопкерчиликсиз мамилеси. Эгерде алар тийиштүү мекемелерге кайрылып, бардык документтерди топтоп, анан кетишсе, мындай көйгөйлөр жаралмак эмес. Алардын чет жакка кетердеги жалгыз көйгөйү - билетке акча табуу жана "Биринчи айда кантип жашайм?" деген суроо. Иш-чара бейөкмөт уюмдар, волонтёрлор жана студенттер менен биргеликте өткөрүлдү.