Бишкек мэриясы: Төрт миңден ашык үй-бүлө көмүр менен камсыз болду

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы 17-декабрда Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына шилтеме берүү менен төрт миңден ашык үй-бүлө көмүр менен камсыз болгонун маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2014-2015-жылга 4151 үй-бүлө көмүр менен камсыз болушту. Көмүр жарды үй-бүлөлөргө, мамлекеттик жөлөк пул алгандарга, жалгыз бой энелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, Баатыр энелерге, 7-Апрель окуясынан жабыр тарткандарга, жетимдерге жана жалгыз бой пенсионерлерге таратылып берилди. Айта кетсек, социалдык норма боюнча бир үй-бүлөгө 1,5 тонна көмүр бөлүнүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан