6-14-декабрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында Бүткүл дүйнөлүк кушчулар фестивалы болуп өттү. Бул фестивалга дүйнөдөн 80 мамлекет катышты. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага Кыргызстандан Салбуурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов баштаган 6 салбуурунчу барып, кыргыздын салттуу аңчылык өнөрүн көргөзүштү. Кыргызстандан барган салбуурунчулар жаа атуу, тайган салуу, куш салуу өнөрүн көрсөтүштү. Ал жерге Кыргызстандан куш, тайгандарды алып барышкан жок. Бирок видео, фотоматериалдар менен катар кыргызга тиешелүү салттык буюм-теримдердин көрсөтмөсү уюштурулду. Белгилүү сүрөтчү Майрамкул Асаналиев салбуурун темасында тартылган сүрөттөрү менен көргөзмө уюштурду. Мындан сырткары кыргыз салбуурунчулары башка өлкөлөрдөн келген кушчулар менен тажрыйба алмашышты.
Программалардын ичинен чөлдө төө минип шумкарларды алып, арабдардын тайгандары менен тоодакка, коёнго аңчылыкка чыгуу эң кызыктуу болду. Уюштуруучулар Абу-Даби шейхтери Кыргызстанда 2015-жылдын октябрь айында болуучу Эл аралык салбуурун фестивалына катышууга убадаларын беришти. Эң башкы кубанычтуу нерсе, ошол жерде Бүткүл дүйнөлүк кушчулар уюмунун IAF отурумунда 2017-жылы Бүткүл дүйнөлүк кушчулар конгрессин Кыргызстанда өткөрүүнү кабыл алышты.