Ош шаарында Жаңы жылга карата борбордук аянтта жана балдар чыгармачылык борборунда балатылар коюлду

Ош шаарында Жаңы жылга карата иш-чараларга даярдыктар кызуу жүрүүдө. 

Шаардык мэриянын басма сөз кызматынан бүгүн, 18-декабрда билдиришкендей, мэриянын имараты жана борбордук аянт майрамдык атрибуттар менен кооздолмокчу. Учурда борбордук аянтта жаңы жылдык балатыны орнотуу боюнча иштер жүрүүдө.

Ошондой эле жаңы жылдык балаты “Келечек” балдар чыгармачылык борборуна да орнотулат. Ал жакта 26-декабрь күнү жарым жана томолой жетим балдарга арналган “Жаңы жыл-2015” деген аталыштагы майрамдык иш-чара өтөт. Ага Аяз ата, Аяз кыз жана жомоктун каармандары катышат. Андан сырткары ар бир баланы таттуу белектер күтөт.  

Ал эми 31-декабрь күнү аянтта шаар тургундары жана коноктор үчүн студенттер тарабынан даярдалган оюн-зоок программасы уюштурулат. Ошондой эле иш-чаранын катышуучулары үчүн дискотека жана жагымдуу маанай тартуулоочу иш-чаралар өтөт. Иш-чара түнкү саат 00:00дө майрамдык салют аттыруу менен жыйынтыкталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан