Бүгүн, 18-декабрда борбор калаадагы Бишкек гуманитардык университетинин студенттери жарыкты үнөмдөөгө багытталган акция өткөрүшөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКнын басма сөз кызматы билдирди.Жалпы кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган иш-чаранын уюштуруучулары: "Кыргызстандын активдүү жаштары "Жарыкты үнөмдөгүлө" аталышында акция өткөрүүнү чечтик. Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү билебиз. Бул акция менен жарыкты үнөмдөө маанилүү иш экенин көрсөткүбүз келет",- дешет.
Маалыматка караганда, акция жогоруда аталган окуу жайдын жатаканасы жайгашкан борбордогу 7-кичи райондо өтөт.