Айрым учурларда сүйүктүү жылдыздары үчүн фанаттар акылга сыйбаган нерселерге да барышат эмеспи. Алардын катарын жакынкы арада белгилүү актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын улуу британиялык күйөрманы да толуктады. Ал актрисага болгон сүйүүсүн ага окшошуу менен далилдөөнү чечкен. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, улуу британиялык 23 жаштагы визажист Жордан Жеймс актриса Ким Кардашьянга окшошуу үчүн 150 миң долларга пластикалык операция жасатты. Ал мурдунун формасын, бетинин түзүлүшүн өзгөрттү. Ошондой эле кашына татуаж жасатып, оозунун көлөмүн бир кыйла чоңойтту. Учурда ал мырза Ким кийинчү дүкөндөрдөн соода кылып, ал кийген кийим-кече жана аксессуарларды алып, социалдык тармактар аркылуу аны жарнама кылууда.
Азыркы учурда "Бир катар операциядан кийин фанат өзү көздөгөн максатына жеттиби, актрисага окшодубу?" деген суроонун айланасында кызуу талкуу жүрүүдө.